Чет тилин үйрөнгөн кезде кетирген катачылыктар

Чет тилин үйрөнгөн кезде кетирген катачылыктар
29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:45

Катачылык-бул белгилүү бир жаңы нерсе үйрөнүү кезинде керектүү жана калыптуу бир көрүнүш. Ошентсе да, кээ бир катачылыктар сиздин өнүгүүңүзгө тоскоолдук келтириши мүмкүн. Ошого байланыштуу, англис тилин үйрөнүү учурунда кандай катачылыктарды келтирип жүрөсүз билип алыңыз.

1.Өзүңүздүн алсыз жагыңыз менен күрөшүүнүн ордуна, андан качасыз: Мисалы, тил үйрөнүп жаткан адам өзүнүн тура эмес угуп алганда (же түшүнүп) жиберген катачылыгын билип туруп, ал менен иш алып барбайт. Ал тургай, аны билгенде үйрөнүүгө болгон каалоо заматта азайып, көңүл чөгөт. Анын ордуна жазуу же болбосо грамматика бойюнча өз алдынча жумуш иштөөнү жөн санашат. Ошентсе да, мындай логика эч качан сиздин өнүгүңүзгө мүмкүндүк бербейт. Тескерисинче, бул багыт бойюнча тура эмес кетүү көрүнүшү байкалат. Башка эрежелер өнүккөнү менен, бул эреже бекерге кетип, бир күнү бутуңуздан чалары анык. Ошондуктан коркунучуңузду жеңип, аны менен күрөшүнүн жолун ойлонуштурганыңыз оң.

2.Биз чыдамсызбыз: колубуздан келбесе, таштап сала беребиз. Эгер сүйлөм кураштыра албай жатсаңыз, англис тилинде сүйлөгөн учурда кыйналсаңыз, айта албай жатсаңыз бул сиздин эч качан англис тилин үйрөнө албайт дегенди билдирбейт. Анткени, тили жаңы чыккан бала да сүйлөм куруп сүйлөй албайт же «апа» деген сөздү бир айтканда эле туура айтпайт. Тил үйрөнүү бул – жаңыдан сүйлөгөндү үйрөнүү. Тагыраак айтканда, сиздин азыр 1 жаштагы баладан айырмаңыз жок. Ошондуктан, катачылыктын айынан окууну орто жолдон таштап кетпеңиз. Тескерисинче, күрөшүп аракет кылыңыз.

3. Англис тилин үйрөнүү үчүн сырткы мотивациядан көрө, ички мотивация маанилүү: Сиз англис тилин бирөө талап кылган үчүн эмес, өзүңүздүн келечегиңиз үчүн үйрөнүңүз. Келечекте англис тилин жетиштүү түрдө үйрөнгөндөн кийин эмне кылуу оюңузда бар, алгач ошону ойлонуштуруп алыңыз. Адамдар көбүнчө англис тили «жумушка керек» же болбосо «жумуштан башчы талап кылды» деген шылтоолорду айтып калышат. Бирок, мындай максат менен сиз өзүңүздү алдайсыз. Сырткы мотивация менен ичкини байланыштыра билгениңиз жөн. Аны чындыкка айландырыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!