Эмнеге гүлдү так дааналап берүү керек?

Эмнеге гүлдү так дааналап берүү керек?
2-Фев. 2018, Жума, 14:48

Ар бирөөбүз гүл белекке берердин алдында так санды дааналап берүүгө аракет кылабыз. Жуп санда болсо, бактысыздык алып келет деп жоруйбуз. Бул нерсе бизге кантип сиңип калды, кайдан келди мындай ишеним жана качан пайда болду? Ушул өңдүү суроолорго жооп издеп көрөлү.

Бул адат илгерки Россия жергесинде пайда болгон экен. Чыгыш славяндык сыйкырчылар жубу менен гүл тартууласа жашоонун токтошун, тагыраак айтканда өлүмдүн белгиси деп эсептешкен. Бул пикир ошол убакыттан бери адамдардын эсинде сакталып, ушул күнгө чейин адат болуп келүүдө.

Көптөгөн флористердин айтуусу боюнча, славяндардын салтында каза болгон адамдын мүрзөсүнө жуп сандагы гүл алып барат деген түшүнүк болгон эмес. Алар гүлдү белекке берүү салтын япондордон алган деп да айтылат. Япондордун «төрт» деген иероглифи «өлүм» деген маанини билдирет экен.

Ал эми Грузияда тескерисинче бири-бирине бактылуу болсун деп, гүлдү жубу менен беришет экен. Ал эми мүрзөгө барганда өзү менен бирге эч кимди алып кетпесин деп так сандагы гүл алып барышат.

Албетте, бул түшүнүктү мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө гана карманып келишет. Бирок Франция, Германия, АКШ жана башка өлкөлөрдө бактылуулук ыроолойт деген үмүт менен гүлдү жуп-жубу менен беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!