​Дүйнөнүн эң кирешелүү футбол клубу

​Дүйнөнүн эң кирешелүү футбол клубу
25-Янв. 2018, Бейшемби, 01:55

Англиянын «Манчестер Юнайтед» футбол клубу дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубдарынын башына чыкты. Бул тууралуу Deloitte консалтинг компаниясы жарыялаган. Маалыматка ылайык 2016/17 сезонунда «Манчестер Юнайтед» футбол клубу 676 миллион евро киреше тапкан. Ал эми экинчи орунда испаниянын “Реал Мадрид” командасы 674 миллион евро - мунун баардыгы Европа Лигасынын жыйынтыктарына карап чыгарылган. Биринчи бештикке «Барселона» (648,3 млн),«Бавария» (587,8 млн) жана «Манчестер Сити» (527,7 млн) кирешелери менен кирди. Ал эми Орусия мыктылардын 20 сабына кошула алган жок.

Англиянын «Манчестер Юнайтед» футбол клубу дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубдарынын башына экинчи жолу удаа тандалып отурат. Буга чейин 11 жыл боюу “Реал Мадрид” лидерликти бербей келген. 2017-жылдын май айында «Манчестер Юнайтед» футбол клубу Европанын эң баалуу клубу чечилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!