​Эң күчтүү балага эмне болду?

​Эң күчтүү балага эмне болду?
1-Фев. 2018, Бейшемби, 14:21

Дүйнөдөгү эң күчтүү, атактуу баланын тагдыры эмне болду? Ал украиналык Ричард Сандрак 8 жашында сүрөттөрү менен ааламга атагы чыккан. Учурда 26 жашында... Ричард Сандрак 1992 - жылы Украинада төрөлгөн. Эки жылдан кийин анын ата-энелери АКШга көчүп кетишкен. Ричард 3 жашына келгенден баштап атасы спортко машыктырып, уруш искусствосун да үйрөтө баштаган. Кичине бала спорт залына барып,гира көтөрүп, бир күндө эки сааттан машыгып турган.

Ричард Сандрак 7 жашына чыкканда ага машыктыруучу Фрэнка Гардин “Ишен же ишенбе” деген шоу уюштурган. Кийин булчуңдуу спортчу бала Американын бодибилдинг боюнча “Чемпиондор түнү”, “Олимпия Мырзасы”, “АКШ Мырзасы”, “Арнольд Classic” жана башка көптөгөн шоу программаларына катышкан. Ал эми 2009-жылы Ричард “Кичинекей Геркулес 3d” тасмасына тартылып, 8 жашында дүйнөнүн эң күчтүү баласы аталган.

Ричард 11 жашка чыкканда атасы күч колдонгондугу үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Ал аялын уруп-сабап жүргөн. Бала ошондон кийин атасы менен сүйлөшпөй калган. Бирок мектепти аяктаганга чейин спорт менен машыгуусун уланткан.

Жакында интернет желесине Ричард Сандрактын учурдагы сүрөттөрү чыкты. Ал азыр 26 жашында бирок спорттон эч кандай издер калган эмес. Ричард көптөн бери спорт менен машыкпай калгандыгын жана болгону сергектик үчүн чуркоо менен алектенип тургандыгын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!