Ким Чен Ындын карындашы олимпиадага катышат

Ким Чен Ындын карындашы олимпиадага катышат
8-Фев. 2018, Бейшемби, 02:57

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында эртең баштала турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон дагы катышат. Бул Ким династиясынын Түштүк Кореяга бара турган эң жакын тууганы болуп саналат. Маалыматка ылайык Ким Ё Чжон Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Кеңештин төрагасы Ким Ён Нама жетектеген делегациянын курамында кышкы Олимпиаданын ачылышына катышып, иш сапары үч күнгө созулат.

Ким Ё Чжондун саясий карьерасы 2014-жылы катуу көтөрүлгөн. Аны Ким Чен Ындын кийинки эң таасирлүү инсан катары көрүшөт. Былтыркы жылы 30 жаштагы Ким Ё Чжонду Эмгекчи партиясынын саясий боюросунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ал эми 2015-жылдан бери Коммунистик партиясынын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматтын аркалап келет. Ал Ким Чен Ирдин эң кичүү кызы. 1987-жылы төрөлгөн. Агасынан төрт жаш кичүү.

Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга болгон мындай маанилүү жогорку даражадагы аткаминерлердин иш сапары Корея согушунан кийин 1953-жылы болгон.

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Түндүк Кореядан 22 спортчу катышаарын билдирген. Спортчулар лыжа жарышы, тоо лыжа жарышы, көркөм муз тебүү жана аялдардын хоккейи боюнча катышат.

Кышкы олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк жана Түштүк Корея бир желек менен чогу чыгышат. Акыркы жолу эки өлкөнүн спортчулары бир желектин астында 2006-жылы Турин кышкы олимпиада оюндарында чыгышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт. Жалпысынан кышкы олимпиадага 2 900 спортчу катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!