​“Реал" - "ПСЖ" билеттери 37 мүнөттө сатылды

​“Реал
8-Фев. 2018, Бейшемби, 12:46

“Реал Мадрид” менен француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы Лига чемпиондугунун 1/8 финал беттешүүсүнүн билеттери 37 мүнөттө сатылды. Бул тууралуу “Marca” басылмасы жазып чыкты. Эми бул керемет футбол беттешүүсүн көрүш үчүн белетти алып сатуучулар аркылуу гана табууга болот. Алып сатуучулардын колунда эң кымбат билет 24 000 миң еврого чейин чыгып кетет.

“Реал Мадрид” менен француздардын "Пари Сен-Жермен" командасы нын бетешүүсү 14-февралда болот. Испаниянын эң ири стадиону болгон "Сантьягу Бернабеу" - бул сезондогу эң алгачкы аншлаг менен өтүүчү футболдук беттешүүсүн ишке ашырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!