Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын беш күнүндө Германия алдыда келатат. Алардын куржунунда 7 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалы бар. Экинчи орунда Нидерланды жана Норвегия алардын куржунунда 11ден медалы болду.
Кечээ күнү спорттун 4 түрү боюнча медалдар ойнотулду. Алар коньки жарышы,лыжадагы кош таймашуу,чана спорту жана сноуборд түрү жыйынтыкталды. Ал эми катуу боорондон улам мелдештердин тизмеги өзгөрдү. Аялдардын биатлон боюнча жарышы 15-февралга жылдырылды.
XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын беш күнүндөгү медалдардын жалпы зачету төмөндөгүдөй:
(алтын- күмүш- коло) (жалпы).
1. Германия - 7-2-3 (12)
2. Нидерланды - 5-4-2 (11)
3. АКШ - 4-1-2 (7)
4.Норвегия - 3-5-3 (11)
5. Канада - 3-4-3 (10)
6. Франция - 2-1-2 (5)
7. Австрия - 2-1-1 (4)
8. Швеция - 2-1-0 (3)
9. Италия - 1-1-1 (3)
10. Түштүк Корея - 1-0-1 (2)
11. Япония 0-4-3 (7)
12. Орусиянын олимпиадалык спортчулары 0-1-4 (5)
13. Австралия, Чехия - 0-1-1 (2)
14. Кытай, Словакия, Швейцария - 0-1-0 (1)
15. Финляндия - 0-0-2 (2)