Си Цзиньпин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кытай Эл Республикасынын төрагасы (КЭР) Си Цзиньпин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда төрага Вашингтон менен соода, инвестиция боюнча кызматташтыкка даяр экенин айтты. Ошондой эле ал “Бир Кытай” саясаты боюнча АКШнын ойлоруна баа берди. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеберүүсү маалымдады.
“Кытай-Америка мамилесинин жакшырганы эки элдин түпкү кызыкчылыктарына дал келет. Биз Америка тарап менен соода, инвестиция, энергетика, инфраструктураларды куруу, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча иш алып баруу, дүйнөнүн тынчтыгын жана туруктуулугун бирге колдоого даярбыз”,-деди Си Цзиньпин.
АКШ “Бир Кытай” саясатын колдой турганы боюнча Трамптын айткандары көңүл бурарлык экенин билдирген КЭРдин төрагасы “Бир Кытай” принциби Кытай-Америка мамилесинде саясий мааниге ээ экенин кошумчалады.
Мээрим Искакова