Казакстан 110 миң шилтемени өчүрттү
2016-жылы террорчулук, диний экстремистик, зомбулук жана суицид камтыган 110 миң материал Казакстандын Интернет айдыңынан өчүрүлгөнүн өлкөнүн Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев билдирди.
“2016-жылы Интернет-ресурстарынын администрацияларынын дарегинде 150 миң материал боюнча 500 маалымдоо каты жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында террорчулук, диний экстремистик, зомбулук жана суицид камтыган 110 миң мыйзамсыз материал өчүрүлгөн”,-деди Абаев аталган мекеменин жыл жыйынтыктоочу жыйынында.
Ошондой эле министр мыйзамсыз контент менен күрөштүн алкагында алардын мекемеси чет элдик алдыңкы социалдык тармактар жана издөө кызматтары менен иш жүргүзгөнүн белгиледи.
Мээрим Искакова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР