400дөй дельфин жээкте калды
Жаңы Зеландиянын Түштүк аралынын жээгине 400дөн ашык кара дельфин чыгып калган. Алардын басымдуу бөлүгү өлүп калыптыр. Бирок куткаруу иштерине катышкан ыктыярчылар 100 жаныбарды кайрадан океанга кое берүүгө жетишти. Дельфиндер жээктен сүзүп кете албай жаткандыктан, ыктыярчылар кайык менен аларга багыт көрсөтүп жатышат.
Жаңы Зеландияда киттер жана дельфиндер жээкке чыгып калган учурлары кездеше баштады. Жер шарынын айрым аймактарында кайталанып жаткан көрүнүшкө, бул жаныбарлардын массалык өлүмүнүн себептерин окумуштуулар эмдигиче аныктай албай келишет. Бирок бул жандыктардын эрежесине ылайык бирөөсү жээкке чыгып калса, калгандары жардамга келет.
Мээрим Искакова