11-сентябрдын айыпкеринин Обамага жазган каты жарыяланды
АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук жардырууга айыпталган Халид Шейх Мохаммед Американын экс-президенти Барак Обамага кат жазган. Бул тууралуу “Лента.ру” агенттиги “Miami Herald” гезитине шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалыматка караганда Гуантанамодо жаткан Мохаммед катты 2015-жылдын январь айында жазган. Бирок абактын жетекчилиги аны жиберүүдөн баш тарткан.
Ошол эле жылдын сентябрында Мохаммеддин америкалык жактоочусу камактагы адамдын президенттке кайрылууга укугу бар экенин айтып, сотко кайрылган. Бир жыл өткөндө сот Жеймс Пол буга макулдугун берген. Ал мезгилде Обама президенттик мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Ак үйдөн кетүүгө камданып жаткан.
18 барактан турган катта Мохаммед Обаманы “кыйноолор менен траниянын” президенти, “жыландын башы” деп жазган.
“9/11де сизге каршы согушту биз эмес, өзүңөр жана силердин өлкөдөгү диктаторлор жасады”,-деп баштаган автор.
Айтымында ал АКШдан жана соттон эч качан ырайым сурабайт. Өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм жазасы аны коркута албайт. “Мен өз камерамада жалгыз болгонума сүйүнөм. Өмүрүмдүн акырына чейин Кудайга сыйынып, кетирген күнөөлөрүм үчүн кечирим сурайм. Эгерде мени өлүм жазасына тартсаңар кубануу менен кабыл алам. Аллахтын алдына барам жана ал жактан дүйнө жүзүндө силер бей күнөө өлтүргөн досторумду жана шейх Усама бен Ладенди көрөм”,-деп жазган Мохаммед.
Ошондой эле ал Обаманы “өз душмандарын соттобой туруп өлтүргөн, аны адам катары эсептеп, жерге жашыруу үчүн туугандарына бергендин ордуна деңизге ыргыткан” адам укуктары менен жакшы тааныш акылдуу адвокат катары эсептерин жазган.
Халид Шейх Мохаммед - АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяга айыпталган Гуантанамодо абакта жатат. 2003-жылы аны Пакистандагы атайын операция учурунда кармашкан. Борбордук чалгын башкармалыгынын аесуз ыкмалар менен суракка алган жашыруун абагында 3,5 жыл кармалган соң 2006-жылы Гуантанамого которгон.
АКШда 2001-жылдын 11-сентябрда дүйнөдөгү эң ири террордук окуя болгон. Анда эки учак Нью-Йорктогу соода борборунун имаратына урунган. Үчүнчүсү Пентагондун имаратына жакын жерге куласа, башка бир учак Пенсильвания штатындагы Шэнксвилль шаарынын четине түшкөн. Окуяда 2 976 адам көз жумса, 4 миңден ашыгы жаракат алган.
Мээрим Искакова