Фарида Жумакадырова
13-Апр. 2017, Бейшемби
Жөнөкөй тесттердин жардамы менен кайсы витамин организмиңизге жетишпей жатканын аныктаса болот:
- Эгер сизди ооздон чыккан жагымсыз жыттар тынчсыздандырып жатса В3 витамининин жетишсиздигинен кабар берет.
- Акырын гана согулуп калган денеңизге көк ала пайда болуп көпкө чейин кетпей жатса С витаминин толук кандуу алалбай жатасыз.
- Өнөкөт ич катуулардын бирден-бир себеби - В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен келип чыгат.
- Эгерде башыңыз айланып, кулагыңызда үндөр угулуп жаткан болсо В3 жана Е витаминдери жетишпейт. Мындан сырткары марганец жана калийдин жетишсиздигинен да пайда болот.
- Кызарган көздөр, караңгыга бир топ убакыттан кийин көнүү кээ бир учурда А жана В2 витаминдерине байланыштуу.
- Какач көпчүлүк учурда В12, В6, F жана селен жетишпесе пайда болот.
- Чачтын өңү өчүп жана сына баштаса В, F жана йоддун жетишсиздигинен кабар берет.
- Чачтын түшүүсү B9, C, H, инозиттин жетишсиздигинен болушу ыктымал..
- Уйку качып уктай албай жатсаңыз В тобундагы витаминдердин, калий жана кальцийдин аздыгынан келип чыгат.
- С, К, жана В3 витаминдери жетишпесе мурун тез –тезден канай берүүсү мүмкүн.
- Беттеги безеткилердин жана моюндагы кызыл тактардын пайда болуу себеби А жана В витаминдеринин аздыгынан келип чыгат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!