Менингит тууралуу эмне билебиз?

12-Апр. 2018, Бейшемби, 11:37

Менингит бул – мээ кабаты жабыр тарткан өтө кооптуу ооруларынын бири.

Ал инфекциянын жугуу жолуна карай, мээ кабатыныны жабыркашына карай, козгоочу турүнө карай деп үчкө бөлүнөт.

Менингиттин кайсы гана түрү болбосун бейтаптардын бардыгында менингиалдуу синдром бирдей болот. Тактап айтканда,

- катуу баш оору. Кээде баш толугу менен ооруса, кээде кайсы бир бөлүгү гана оруйт. Ызы-чуу, жарык, жыттардан баш оору күчөйт.

Менингитке чалдыккан кичинекей балдар көбүнчө түндө ыйлап ойгонушат.

- Баш оору менен кошо тамакка-ашка байланышпаган кусуу белгилери да байкалат.

- Желкенин тырышып калуусу сыяктуу турдүү неврологиялык симптомдор бар.

Ошону менен бирге, менингитке чалдыккан адам жарыктан жана катуу добуштардан коркот.

Менингит вирус, бактерия, грибок жана башты бир нерсеге катуу уруп алгандан пайда болушу мүмкүн.

Менингит балдарга көбүнчө организмге кирген энтеровирустар аркылуу жукса, чоңдорго стрептокок, менингокок, стафилокок, нейсерия сыяктуу бактериялар аркылуу жугат.

Менингиттен сактануу үчүн:

Менингитти көбүнчө түрдүү вакциналар аркылуу алдын алышат. Бирок мисалы, стрептокок аркылуу тараган менингитке каршы сайылган вакцина сизди болгону ошол бактериядан гана коргойт.

Ошондуктан менингитти оорубай турганда алдын алган оң. Ал үчүн:

- Иммунитетти жогорулатуу. Туура тамактануу, уйкуну кандыруу ж.б.

- Ар кандай ооруну дал убагында дарылоо.

- Колду ар дайым таза кармоо, ар кандай жер-жемишти жегенден мурда жакшылап жууш керек.

- Башыңызды жаракаттап алсаңыз милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз.

- Ар түрдүү курч кармоочу респиратордук ооруларда парацетамол эмес, вируска каршы препараттарды кабыл алуу кажет.

Жакындарыңызда менингиттин белгилерин байкасаңыз тез жардам чакырыңыз. Ошону менен бирге аны неврологиялык бөлүмгө алып баруусун көзөмөлдөңүз, себеби менингитти неврологияда гана дарылайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!