Сулуулук үчүн кандай азыктанышыбыз керек?
Биз жеп ичкен тамак-аш, жашылча, жер-жемиштердин бардыгы ден соолукка маанилүү экенин унутпоо керек. Өзгөчө теринин сулуулугу үчүн кандай азыктар, детокс, антиоксиданттар керек?
Биринчиден теринин нымдуулугун сактоо үчүн күнүгө 10-12 стакан таза суу ичилиши керек, С жана Е витаминдерин, бетакератин, көк жалбырактуу жашылчалар, капуста, сабиз, калемпир жана башкаларды көп пайдалануу керек болот. Териге көбүрөөк суу жана кычкылтек зарыл. Ошондой эле “бакыт гормону” деп айтылган серотонинди да унутпоо керек. Адам бактылуу болсо келбети оңолот, бет тамылжып кызгылт болуп көрүнөт. Терини сулуулугу үчүн туура азыктанууну унутпаңыз, антиоксиданттарды пайдаланыңыз, алар тери жана тамырларды зыяндуу нерселерден коргойт.
Витамин Е жана С, бета-кератин, селен жашылча-жемиштерде, фундукта, дан өсүмдүктөрүндө бар. Мындан башка теринин сулуулугу үчүн кайсы азыктарды жегенге болот:
Жер-жемиштер: алма, кара бүлдүркөн, кара өрүк, малина, кулпунай, авокадо, апельсин, кызыл жүзүм, гилас, кызыл (дарактуу мөмө) ж.б.
Жашылчалар: броколь, имбирдин тамыры, чеснок, кызыл капуста, спаржа, кызыл калемпир, сабиз, пияз, помидор.
Майлуу дандар: фундук, жаңгак.
Дан өсүмдүктөрү: сулу, кабыктуу күрүч.
Жай, күз айлары жашылча жемиштерди иштетилбеген бойдон жесеңиз пайдалуу. Кошулма заттары бар азыктарды көп жебегенге аракет кылыңыз.
Нурай Туратбекова