Балалуу болуу үчүн идеалдуу курак
Азыркы тез темп менен жүргөн жашоо, активдүү иштөө балалуу болуунун жаш курагын узартты десе болот. Бирок карьерага маани берип балалуу болууну экинчи планга койгондо организм күтө бербей ар кандай өзгөрүүгө дуушар болот. 35 жаштан кийин балалуу болуу мүмкүнчүлүгү ай сайын азаят.
Бирок заманбап айымдар жашо жартын оңдоо максатында, карьера куруп, турмушка кеч чыгышат. Балалуу болууну да кийинки планга коюшат. Азыркы учурда 30 жашынан кийин балалуу болууну ойлогондордун саны көп.
20 жаштан 30 жашка чейинкилерде балалуу болуу мүмкүнчүлүгү 20-25 пайызда болсо, 35 жаштан кийинки аялдарда ал 10 пайызга түшөт. Ал эми 40 жашындагы аялдарда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү 5 пайызда гана болот. Ошондуктан аялдар 30 жашка жетпей 20 жаштан кийинки курактарында балалуу болуусу туура.
Нурай Туратбекова