Коомдук бассейндеги суудан абайлаңыз!
Бассейндин суусунда ар кандай микробдор же ага каршы кошула турган ден соолукка зыян келтирүүчү хлор бар. Бассейнден кулак, мурун, ооз көңдөйүн жабыркатуучу инфекциялар пайда болушу мүмкүн.
Эс алуу үчүн же спорт катары коомдук бассейндерге барууга мажбур болгон үй-бүлөлөр кээ бир эрежелерди сактабаса ар кандай ооруларга кабылышы ыктымал. Эс алуу үчүн көлдүн суусунан өтөөрү жок. Биро ага ар дайым барууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Бассейнди тазалоочу хлор суу микробдорду өлтүргөнү менен адамдын ден соолугуна да зыянын тийгизет.
Жуманын аягында бассейндерге көп кишилер барып, инфекция жугуу ыктымалы жогору болот. Кулак, мурун, тамак оорулары пайда болушу мүмкүн. Бассейнде көп киши болгондо сууга узак болбоого аракет кылыңыз. Бассейндин тазалыгы боюнча ал жерде иштегендерден сурап алсаңыз болот. Көп убакыт сууда калганда дем алуу органдары жабыркап, синусит сыяктуу оорулары пайда болушу мүмкүн.
Андан башка оорулардын бири бул грибок. Грибок кулак аркылуу жугуп, кычышууну пайда кылат. Бул оору кулак грибогу деп аталат.
Нурай Туратбекова