Үтүктөөнү жеңилдетчү ыкмалар
Жуулган кийимдерди кайра үтүктөп чыгууга көп убакыт кетээрин ар бир айым билсе керек. Өзгөчө шашып жатканда бырыш кийимди кийип кетүү да ыңгайсыздыкты жаратат. Андыктан кийимдерди жуугандан жана кургатардан мурда кээ бир эрежелерди сактасаңыз үтүктөөгө убакытты үнөмдөй аласыз.
Аллюминий фольгасы үтүктөөнү жеңилдетет
Кийим үтүктөй турган столдун үстүнө алгач аллюминий фольгасын салып анан үстүнө тасмал же кездеме жаап коюңуз. Фольга ысыкты жакшы сактап тез үтүктөөгө жардам берет.
Кир жууган машинени өтө толтурбаңыз
Машинеге кир салганда өтө көп салбаңыз. Анда кирлер дагы жакшы кетпей калат жана кийимдер аябай бырышып калат.
Кийимдерди машинеге калтырып койбоңуз
Кир жуулуп бүткөндөн соң аны көпкө коюп койбой дароо жайыңыз. Болбосо үтүктөөдө кийимдердин бырыштары үтүктөлбөй кыйналасыз. Кирлерди чыгаргандан кийин жакшылап силкип туруп жайыңыз. Кийимдерди силкигенде бырыштары түзөлөт. Бул балким жаңы үй-бүлө курган жаш келиндер үчүн пайдалуу кеңеш болушу мүмкүн. Себеби окуп, иштеп жүргөн кыздар үй оокатына көп жок болуп, турмушка чыккандан кийин кээ бир нерселерди билбей калат.
Нурай Туратбекова