Сасык тумоону алдын алуу
Адамдар кышкысын суукка кабылары анык. Бирок сасык тумоо сыяктуу оорулар андан келип чыкпайт. Ал ашыкча стресс, гигиенаны сактабагандан, чарчагандан пайда болот.
Сасык тумоо эпидемиясы жүрүп жаткан кезде коомдук унаанын кармагычтары вирустар топтолгон жайга айланат. Андыктан үйгө барганда вирусту жуктурбоо үчүн кол менен бетти самындап жууну унутпоо керек.
Эл көп жүргөн жерлерге барбаган жакшы.
Жыл сайын күзүндө гриппке каршы эмдөөдөн өтүү зарыл.
Дене үшүгөндөн оорубайт
Албетте, ысык жана суук аба ырайы иммунитетке өз таасирин берет. Ошондой эле муздак суу ичүү жана суук аба ырайы организмди алсыздандырып, ооруга себепчи болот. Бирок, суук жерлерде вирус жана микробдор жашай албай тургандыгын унутпоо керек. Кемелер жана операция бөлмөлөрү ошондуктан суук болот. Кар бар жерде микроб да жайылбайт.
Алакан тосуп чүчкүрбөңүз
Оорулуу чүчкүргөндө оозун колу же жүз аарчы менен жаап, шилекейин тегерекке чачыратпоого аракет кылат. Бирок колдо калган вирустар ысык суу менен самындап жуумайынча кетпейт. Андыктан оорулуу адам башкалар менен кол кармашып учурашпаса деле болот.
Кол менен көп иштер аткарылат. Болгон микробдор колго чогулат. Чүчкүргөн убактаколдогу микробор ооз, мурун аркылуу организмге кирип, ооруну күчөтүшү мүмкүн.
Фарида Жумакадырова