
Ийгиликтүү карьера психиканы жабыркатат
Кызматынан көтөрүлгөн эркектер же айымдар көбүнчө жумушунун айынан депрессияга учураганын, саламаттыгында көйгөйлөр жаралганын айтышат. Андай абал болжол менен төрт жылга созулат. Кийин кол алдында иштегендери ага көнөбү айтор ден соолугу жакшырганы байкалат. Мындай пикирди Росбалт маалымат агенттиги Швециядагы Стокгольм университетини окумуштууларынын айткандарына таянып жазган.
Адистер 1400 эркек жана 2000 аялдын маалыматтарын анализдеп көрүшкөн. Катышуучулардын үчтөн экиси 2008-2014-жылдар аралыгында кызматы жогорулаган эмес. Ал эми жети жүздөй катышуучу бир жолу жумушунан көтөрүлгөн. 367си эки жолу, элүүгө жакыны карьералык тепкич менен төрт жолу жогорулаган.
Алар саламаттыгына байланыштуу суроолорго жооп берген. Жыйынтыгында акыркы 2-4 жылда жумушунан көтөрүлгөндөрдүн ден соолугунда өзгөрүүлөр болгону аныкталган. Эгерде эркектерде психикалык бузулуулар болсо, аялдарда соматикалык жактан жабыркаган.
Бирок 4-8 жылдан кийин иликтөөгө катышкандардын абалы жакшыра баштаганы байкалган.
Мээрим Искакова