
Кышкысын бетке кандай кам көрүү керек?
Кышкы убакта абанын температурасынын төмөндүгү, шамал, жаан-чачындын болуп турушу беттин терисин туурултуп, дүүлүктүрүп, кургатат. Суук аба ырайы организмдин нымдуулугун төмөндөтүп, анын жыйынтыгында бет кургап, бырыштын түшүшүнө шарт түзүлөт. Ошондуктан ар бир айым сулуу жана жаш көрүүнү үчүн бетине кам көрүүсү керек.
Кургак бет жумшак, тунук болуп, теринин үстүндөгү тер чыгуучу эң майда тешикчелер билинбейт. Май жетишсиз болгондо темир азайып, жыйынтыгында өз убактысынан эрте картаят. Косметикалык каражатты туура тандап, тамактанууга көңүл буруу зарыл. Алкоголдук ичимдиктерди чыгарып, курамында А, Е, С витамини бар балык, жумуртка, буурчактын түрлөрүн, жаңгак, койдун боору, сүт азыктарын жана өсүмдүк майы жер-жемиш көп пайдаланган жакшы. Суткасына бир стакан ит мурундун, карагаттын, ромашканын, бүлдүркөндүн кайнатмасын ичүү сунушталып, теринин нымдуулугун сактап туруу үчүн суткасына 1,5 же 2 литр суу ичүү зарыл. Суу теридеги нымдуулукту гана сактабастан, организмди ашыкча шлактарданр тазалайт.
Бет кургап жатса төмөндөгү масканы колдонууга болот:
1 аш кашык каймакка 1 аш кашык петрушканы майдалап кошуп аралаштыруу керек. Бирдей масса болгондо бетке сүйкөп, 15-20 мүнөттөн кийин мелүүн суу менен жууп салуу сунушталат. Андан соң нымдоочу бет майдан сүртүп койсо болот.
Фарида Жумакадырова