
Маникюр жасоонун оң жана терс жактары
Тырмак өстүрүү эң алгач Кытайда пайда болсо, ал убакта бул кызматты ак сөөктөр гана пайдаланышкан. Азыркы убакта ар ким колдоно алгандыктан, маникюрдун сырын жана түрлөрүн өздөштүргөн адистер көп.
Маникюр - табигый тырмакты жасалгалоо жолу менен узартуу, ар кандай формага келтирип аны акрил жана гель каражаттарынын жардамы менен кооздоо болуп саналат. Бирок ошол эле түрдүү каражаттардын жардамы менен жасалгалоо пайдалуубу же зыянбы деген суроолор да көп туулат.
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
Медиктердин далилдөөсү боюнча тырмак эң кир микробдорду алып жүргөн адамдын денесиндеги бөлүк болуп саналат. Лак менен боёлгондо тырмак саргарып, көрүнүшү начарлап, бат сынат. Морт болуп, адамдын иммунитети алсызданат. Косметикалык каражаттардын ичинен лакта эң көп токсин камтылат. Формалдегит химиялык затынын курамында түссүз жана зыяндуу газ бар. Бул газ көптөгөн пластмасса буюмдарын ийкемдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат.
Ошондой эле лакты өчүрүүчү ацетондо толуол зат кошулмасы болот. Бул зат түссүз суюктук катары келип, дем алганда андагы зыяндуу токсиндер организмге кирет. Өзгөчө боюнда бар аялдарга лак колдонууга болбойт. Анткени эне да, курсактагы бала да токсин менен дем алып алуу коркунучу бар.
Акрил жана гель лактарын тырмактан ажыратып алганда тырмактын үстүңкү жылмакай катмарын сыйрып, анын бекемдигин жогот. Лакты көп убакытка боёп жүрбөстөн, анда-санда тырмакты эс алдырып, дем алдырып туруу керек.
Боектун пайдасы
Азыркы учурда боёктор тырмакты сулуу гана кылбастан пайдалуу да жактары бар. Кээ бир лак түрлөрүнүн курамында тырмакка пайдалуу кальций, витамин жана сиңимдүү майлар болот. Айрыкча түссүз лактар пайдалуу кошулмалардан туруп, тырмакты бекемдеп, сынуудан жана кат-кат болуудан коргойт. Ошондой эле, дарыканаларда тырмактын түрдүү оорулары үчүн лактар сатылат. Тырмак боёктун жардамы менен ар түрдүү сүрөттөрдү тартып манжаларыңыздын келишимдүү болушуна шарт түзөсүз.
Фарида Жумакадырова