Адистердин эсептөөлөрүнө караганда 2020-жылга карата Жер шарындагы 50 пайыз адамзаты өмүр бою кем дегенде бир гана дарыны колдонот деп белгилешет.
Азыртан эле 65 жаштан ашкандар кем дегенде 2-3 дарыны колдонушат. Албетте, алардын ар кайсысы белгилүү бир ооруга каршы колдонулуучу ооруга каршы жардамчы курал болгону менен алардын зыяндуу жактары өтө көп экени жашыруун эмес. Керек болсо бири-бири менен аралаштырып ичүүгө болбой турган дары-дарымектер да болот. Кандай дарыларды адистер эң кооптуу деп санашат?
Эң биринчиден, баарыбызга белгилүү «антибиотиктер» болуп саналат. Кээде дарыгердин кеңешин укпастан же албастан өз башыбыз менен барып антибиотик дарысын алып, дарыланмакчы болобуз. Бирок бул препараттарды көп колдонгон сайын анын микробторго каршы күчү алсырай тургандыгын эстен чыгарбаган оң.
Глюкокортикоиддер- бул гормоналдуу препараттар. Аларды дарыгерлердин кеңешисиз көп колдонуу кант диабетине чалдыктырышы мүмкүн.
Ооруну жеңилдетүүчү, дене табын төмөндөтүүчү дары-дарымектер. Аларды көп пайдалунуу өнөкөт бөйрөк оорусуна, ашказан оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экен.
Вируска каршы дарылар. Сасык тумоого каршы жасалуучу дарылар токсиндик кыйынчылыктарды туудурушу ыктымал.
Иммундук модуляторлор – көптөгөн мемлекеттерде дарыгердин рецептисиз сатуудан тыюу салынган препараттар. Мындай дарыларды көп колдонуу адамдын иммундук системасынын калыптуу жумуш иштөөсүнө тоскоолдук жаратат. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, керек болсо рак ооруларына алып келиши мүмкүн.
Мурунга тамызууга арналган тамчылар. Булар адамдын мурунундагы былжырды кургатып, кычышуу, ачыштыруу сыяктуу ыңгайсыздыкты туудурат. Аны колдонгондон кийин адамда баш оору же болбосо нервне залал келтирүү сыяктуу көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн. Керек болсо, артерилдик гипертония менен уйкусуздукка чалдыктырышы да ыктымал.