Диета адамдын жашоосун узартат

19-Июль 2017, Шаршемби

Улгайган адамдардын жашоосун узартуунун жаңы ыкмасы пайда болду. Бул тууралуу “New England Journal of Medicine” журналы кабарлады. Америкалык окумуштуулар адамдардын өмүр сүрүү узактыгы алардын тамактануу рационуна байланыштуу дешет.

Адистердин пикири боюнча, тамактануу рационунда эт менен газдалган суусундуктарды азайтып, анын ордуна ден соолукка пайдалуу жер-жемиштер, мөмө жемиштер, жаңгак, балык азыктарын көбөйтүү өлүм коркунучун азайтат.

Эң пайдалуу диета – Жер орто деңизинин диетасы менен DASH (Dietary approaches to stop hypertension) дешет эксперттер. Диетанын бул түрүнө мөмө жана жержемиш, жаңгак, бурчак, чечевица, тазартылбаган зайтун май менен балык азыктары кирет. Диета учурунда майлуу тамактардан сүт азыктары менен эттен толугу менен баш тартуу керек.

Америкалык окумуштуулар 12 жыл бою 74 миңге жакын улгайган адамдардын тамактануу режимин байкоо салышкан. Он эки жылдык изилдөө иштеринин натыйжасына таянып, мезгилсиз өлүмгө таасир берүүчү эң башкы фактор – тамактануу экени аныкталган.

Окумуштуулар эттин ордуна жаңгак жеп туруу өлүмдү 8-17 пайызга азайтаары далилдешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!