Ашыкча салмактын сыры эмнеде?

28-Июль 2017, Жума

Төмөндөгү сүрөттө толуп кетүүнүн түрлөрү берилген. Ага карап, ашыкча салмагыңыздын эмнеден келип чыккандыгы жөнүндө билсеңиз болот.


1. Бүткүл денени май басуу
Эгер сиздин абалыңыз биринчи сүрөттөгүдөй болсо, анда тамаксыз тура албаганыңыз. Бул көпчүлүк адамдардын негизги маселеси. Өзү тойсо да, көзү тойбойт, чамасынан ашыкча бир кашык жеп коюнун натыйжасы курсактын салаңдап чыгып калуусуна алып келет. Ошондуктан тамак-ашка жана анын өлчөмүнө көңүл бөлүңүз. Таттуулар менен ун азыктарын, өтө майлуу тамактарды рационуңуздан чийип таштаңыз. Ошондой эле тамактануудан жарым саат мурда 2 стакан суу ичүү ыкмасын байкап көрүңүз. Көнүгүүлөрдү да жасап турууну унутпаңыз. Ошондо натыйжасына тезирээк кол жеткиресиз.
2. Кой курсак
Томпойуп курсагыңыз гана чыгып турабы? Анда сиз «Ашыкча тамак жеп койдум» деп түрлүү диета кармап жүрбөңүз. Томпойгон курсак – ашыкча тамактан эмес, стресске көп кабылып, убайым менен жүргөнүңүздүн белгиси. Мындайда жандын тынчтыгын ойлоңуз, өзүңүзгө жаккан ишке көбүрөөк убакыт бөлүп, ар бир күндү жакшы сезимдерге толтурууну үйрөнүңүз. Ал эми ушак-айыңдарга, турмуштук маселелердин маанайыңызды түшүрүүсүнө жол бербеңиз.
3. Глютендүү семиздик
Жамбаш тушунун «семирүүсү» гормоналдык теңсиздик же болбосо менопауза, тагыраагы этек кирдин келбей калуусунан кабар берет. Бул учурда көп кыймылдап, жаман адаттар унутта калыш керек.
4. Зат алмашуунун бузулуусу
Мындайда ашыкча май курсак тарапта жыйналып, кээде туура дем алууга да жолтоо болуусу мүмкүн. Андан арылуу үчүн көбүрөөк кыймылда болуп, зыяндуу тамактарды колдонбоо кажет.
5. Күрөө тамыр жолдорунун толуусу
Семиздиктин бул түрү ген аркылуу берилет. Ошентсе да «Тукумкуучулук» деп карап отурбай, күрөшүү керек. Эгер май бутта жыйналса, ага бир аз күч жумшап, кыймылдап туруу кажет. Мындайда лифти такыр унутуп, тепкич менен чыгып түшүүнү адатка айландырыңыз.
6. Кыймылдын жоктугунан семирүү
Өте аз кыймылдаган адамдарда семиздиктин дал ушул түрү болот. Алар негизинен, кеңсе кызматкерлери экенин айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан болушунча көп кыймылдап, эринчектигиңизден улам денеңизге гана эмес, ден соолугуңузга да кесепети тийип кетпөөсүн байкаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!