Диета: эсте сактоочу эрежелер

4-Окт. 2017, Шаршемби, 10:13

Сулуу болууну калааган кыздарга эске сактоочу эрежелер:

Курсакка жыйналган май ал жердин булчуң этерине жасалган пресстен кетпейт. Пресс болот, бирок, майдын астында калып кала берет. Ошондуктан пресс жасаган сайын, курсагыңыздагы май топтоло берет. Май кетсин десеңиз, ичиңизди ар дайым тартып, булчуң эттерге күч келтирип жүрүңүз.

Бутуңузду көтөрүп, силкинүү – белден ылдый тарапка, буттарды созуу-балтырыңызга, жөө жүрүү – муундарыңызга өтө пайдалуу.

Эртең менен ач карынга 2 стакан сууга лимон тамчыларын кошуп, ичип алыңыз. Организмиңиздин тамак-ашты туура сиңирүүсүнө жардам берет. Ошону менен катар көк алма тоюп алган маалда натыйжалуу болот.

Эртең менен ач карынга суу ичкенден кийин 10-15 мүнөттөн кийин тамактаныңыз. Уйкуңузду тез ачып, күнү бою энергияңыз жетиштүү болсун десеңиз, эртең мененки тамагыңыз тоюмдуу жана жемиштүү болуусу керек.

Тамактанып бүткөндөн кийин 40 мүнөттөй суюктук ичпеңиз. Тамакка суу же суюктук аралашса, ал тамактын сиңүүсүн жайлатып, ашказанды чоюп жиберет жана оорлук пайда кылат.

Тез-тез, бирок аз-аздан тамактануу керек. Организмде туура зат алмашуу үчүн адам күнүнө 3 саат сайын 5 жолу тамактануусу кажет. Тамактануу убактысы туруктуу болсо, организм ага үйрөнүп калат.

Мончолор менен сауналар денедеги майды кетирбейт, организмдеги ашыкча сууну чыгарат. Мончодон чыккандан кийин каттуу суусагандык да ошондуктан. Бирок, ал суу 2 сааттан кийин гана кайра жыйналат.

Алтыдан кийин тамактанбоо керек деген – калп. Уктаар алдында 3-4 саат мурда тамактанганыңыз да жетет.

Түштөн кийин саат 16-00дан баштап белоктуу тамактарды жеген туура. Түштөн кийин ашказанга түшкөн кычкылдар (ундан жасалган тамактар, таттуулар, картошка ж.б.) майга айланат.

Тамакты шашпай чайноо керек. Зат алмашуу жакшы жүрөт. Кээде адамдар көп жесе да, неге толуп кетпейт деп ойлойсузбу? Алардын организминдеги зат алмашуу активдүү болгондугуна байланыштуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!