Ашыкча салмактын ар бир килограммы адам өмүрүн 2 айга кыскартат

18-Окт. 2017, Шаршемби, 12:37

Окумуштуулар ашыкча салмактын ар бир килограммы адамдын өмүрүн эки айга кыскартаарын билдиришти. Бул тууралуу “Nature” журналына шилтеме берип “life.ru” сайты маалымдады.

Эдинбург университетинин генетик-окумуштуулары менен диетологдору ашыкча салмак адам өмүрүнө коркунуч жаратарын далилдешкен.

Изилдөөдө 600 миңден ашык адамдын генетикалык даректери менен өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүшкөн. Алар онкологиялык оорулар менен жүрөк ооруларын пайда кыла турган ичкилик же тамеки чегүү сыяктуу зыяндуу адаттардан башка ашыкча салмак адам өмүрүн кыскартаарын изилдешкен.

Натыйжада, башка факторлорду эсептебегенде, ашыкча салмактын ар бир килограммы өмүрдү эки-төрт айга кыскартаарын аныкташкан.

Эгер адам ашыкча салмагынан сырткары күнүнө бир куту тамеки тартса, анда анын өмүр сүрүүсү 7-12 жылга кыскарышы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!