Фитнес менен алектенгенде эмнени билүү керек?

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:17

Эгерде сиз жаңы гана фитнес менен машыгууну баштап жаткан болсоңуз, төмөнкү эрежелерди эске алганыңыз жөн.

Эң алгач фитнес клубту туура тандоо керек. Өзүңүз каалаган фитнес борборго телефон чалыңыз же болбосо барып көрүүгө да болот. Ал жерден сиз бир айда канча төлөш керектигин, ал акыга башка дагы кандай жеңилдиктер кирерин сураңыз. Андан соң тренажер залына кирип, карап чыксаңыз да ашыкча болбойт. Кээ бир фитнес борборлорунда бир же болбосо бир нече бекер сабактарды өткөрүлөт. Мындан сырткары, фитнес менен алектенүүгө киришсеңиз абонементтик картанын бир жылга жарактуулугун алган оң. Мындай абоненттик карталарда көптөгөн жеңилдиктер бар.

Ошону менен сиз тандаган фитнес борборунун баасы, жумуш тартиби, жайгашкан жери жаккан болсо, машыгууну, денеңизди чыныктырууну баштаңыз. Бирок, сиз мындай борборго бир нече ирет бара тургандыктан машыгууну баштоодон мурун дарыгерден кеңеш алганыңыз тууура. Ошондо эч бир кыйынчылыксыз жана коркунучсуз фитнес менен машыга аласыз. Бул фитнеске киришүүдөгү биринчи кадам.

Спорттук кийимди туура тандоо да маанилүү

Себеби синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер териге аба өткөрбөй, тердин сыртка чыгууусуна тоскоолдук жаратат. Ошол үчүн кийимдин пахта кездемесинен тигилген түрүн алууга кеңеш беребиз. Анткени мындай кездемелер денеге аба өткөрүп, нымды да жакшы сиңирет. Ошону менен катар, эч кандай аллергия кылбай дененин кычышуусуна алып келбейт.

Фитнеске ыңгайлуу бут кийим – классикалык үлгүдөгү кроссовкалар керек. Бул кроссовкалар өтө чыдамдуу жана таман муундарынын тайып кетүүсүнөн сактайт. Ошондо сиз буттун ооруганын, ыңгайсыздыкты сезбейсиз.

Денеге катуу жабышып турган спорттук форманы да тандабаган оң. Себеби мындай кийимди кийсеңиз кан айлануу начарлап, өз-өзүңүздү жагымсыз сезесиз. Бирок, атайы спорт кийимдер саткан дүкөндөргө барып, кымбат кийим алуунун да кажети жок. Эң башкысы денеге ыңгайлуу, аба өткөрүүчү, ылайыктуу болсо жетиштүү. Кандай кийимди тандасаңыз да, эң маанилүүсү аны күн сайын жууп-чайкап турууну адатка айлантыңыз. Мунун себебин айтпасак да түшүнүктүү чыгаар.

Туура тамактануу керек

Фитнеске алгыч баргандар ушул көйгөйгө барып такалышат. Алар машыгууну жасап, денесин күчтөндүрүп жатам, эми каалаган тамагын жесе болот деп ойлошот. Бирок бул туура эмес пикир. Тескерисинче, фитнес менен машыгууну баштаган адам тамактанууга да көп маани берүүгө тийиш. Өзгөчө туура тамактануу колго алса, андан да жакшы натыйжага жетет.

Фитнес борборуна абонемент сатып алып же үй шартында машыгуу жасоону баштасаңыз, дене-мүчөңүздү гана келишимдүү кылып койбой, ден-соолугуңузду да чыңдап жатканыңызды унутпаңыз. Фитнестин жардамы менен сиз:

Жүрөк, кан-тамыр системасын калыпка кетиресиз;

Машыгуу менен алектенүү учурунда организмде серотонин заты түзүлүп, маанайдын көтөрүлүшүнө таасир берет жана ар бир жасаган ишиңизден ырахат аласыз.

Муун ооруларынан айыгасыз;

Ошону менен катар, радикулит, спондилез, остеохондроз, сколиоз жана башка да омуртка ооруларын алдын аласыз;

зат алмашуу системасын калыбына келтирет;

жалпы организмдин жумушун жакшыртат;

депрессиядан чыгуунун жакшы ыкмасы;

Фитнес менен ден соолукту бирдей кароого болот

Анткени сиз фитнес менен алектенүү аркылуу организмиңизди эрте картаюдан алыстатасыз. Организмдеги клеткалардын эрте өлүүсүнө жол бербейсиз. Мунун өзү жашооңузду өзгөртөт десе болот. Фитнес – жаштыкты узагыраак сактап, карылыкты бир саамга алыстата түшөт десек туура болот .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!