Этна вулканынан 10 турист жабыркады

17-Март 2017, Жума

Сицилияда Этна жанарынан ондой адам жабыркады.

“The Local” басылмасынын маалыматына караганда туристтерден турган топ вулканга өтө жакын барышкан. Алар күл жана лаванын чачырандыларына кабылып, түрдүү жаракаттарды алышкан. Көбүнүн денелеринин айрым бөлүктөрү күйгөндүктөн ооруканаларга жеткирилген.

Европадагы эң жогорку жана активдүү Этна жанарынын атылуусу 15-мартта эртең менен башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!