Сирия БУУга кайрылуу жөнөттү

17-Март 2017, Жума

Сирия өкмөтү Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) кайрылуу жөнөттү. Анда Евфрат суусундагы дамбаны бомбалоону улантуу гуманитардык кыйроого алып келээри баса белгиленген.

“Плотиналарга аба соккуларынын багытталуусу, аларды толугу менен кыйратуу айланасындагы райондорду жана айылдарды суу каптоого алып келет. Андай болсо ал жактарда жашаган жүз миңдеген элдин өмүрүнө коркунуч жаралат”,-деп жазылган Сириянын БУУдагы өкүлү Мунзер Мунзердин билдирүүсүндө.

Анда Сирия өкмөтү Коопсуздук кеңешин жана БУУнун Баш катчысын АКШ жана башка эл аралык коалициянын мүчөлөрүнөн Евфрат, Тишрин жана башка плотиналарга багытталган соккуларды токтотуусун талап кылуусу зарыл экендиги баса белгиленген.

Коалициянын бомбалоолору Евфрат суусундагы Тишрин плотинасына багытталууда. Ал Россиянын “Технопромэкспорт” жана “Силовые машины” компаниялары тарабынан 1999-жылы курулган. Дамба Алеппо шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бийиктиги 40 метрге жеткен плотина 630 МВт энергия өндүрүүгө жөндөмдүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!