Ак сарай: Сириядан чыгууну чечтик

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:04

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириядагы америкалык аскерлерди үйлөрүнө кайтарууну чечкенин Ак сарайдын маалымат катчысы Сара Сандерс билдирди. Ал “АКШнын Сириядагы миссиясы өзгөргөн жок. Президентибиз АКШнын күчтөрүн эң кыска мөөнөттө өлкөгө кайтаруу боюнча абдан ачык айтты”,-деди.

Сандерс, Франциянын президенти Эмануэль Макрондун айрым телеканал жана радиолоруна жарыяланган маектеринен кийинки жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө “Сирияда жүргөнүбүздүн себеби ИЛИМ менен күрөш. ИЛИМди толугу менен жок кылуу, кайтуусуна тоскоолдук кыла турган шарттарды түзүүнү чечтик. Союздаштарыбыздын жана өнөктөштөрүбүздүн аймактын коопсуздугу үчүн аскердик жана каржылык жактан жоопкерчилик аларын күтүп жатабыз”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!