Дагы эмне болот?

2-Июнь 2017, Жума

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара 2016-жылдын 15-июлундагыдай аскердик төңкөрүш аракеттерине мындан кийин жол бербей тургандыгын айтты. “Биз Түркияда төңкөрүштөрдүн доору аяктады деп турган учурда болгон 15-июлдагы төңкөрүш аракети элибиздин жүрөгүнө так калтырды. Мындай көрүнүштөрдүн кайталануусуна эч качан жол берилбейт”,-деди ал. Ошондой эле ал багытты төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптап жаткан “Кызмат” кыймылынын негиздөөчүсү белгилүү аалым Фетхуллах Гүлендин тарапташтарынын биринчи сот процессине бурган.

Стокгольмда жайгашкан Түркиядагы адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган Эркиндик маселелери боюнча борбордун (SCF) жана жабыркагандардын адвокаттарынын көрсөтмөлөрүнө караганда 50 миңден ашык адам Түркиянын бардык полиция бөлүмдөрүндө, тергөө изоляторлорунда жана абактарда катаал кыйноолорго кабылууда. Айыпка тартылгандар эски фабрикаларда жана башка кароосуз жайларда мыйзамсыз кыйноого кабылып жатканын болжолдоого негиздер бар. Мисалы 1 миң 200гө жакын адам Анкаранын чет жакасындагы стадиондордун биринде кармалууда. Адвокаттардын көрсөтмөлөрүнөн суракка алууда суунун басымына кармагандары, сабоо жана шылдыңга кабылып жатканын билүүгө болот.

15-июлдан бир күн өткөндө “жарандык” төңкөрүш же “саясий тазалоо” башталган.

Бүгүнкү күнгө чейин 154 миң 694 адам камалды. 130 миң мамлекеттик кызматкер соттун, тергөөнүн чечими жок иш орундарынан боштулду. Түркиядагы 60, 70 жаштагы интеллигенциянын өкүлдөрүн, журналисттерди, жазуучу жана окумуштууларды курулай шылтоо менен төңкөршкө айыптады. Учурда түрмөдө жаткан 182 журналист өзүнүн камалгандыгынын себептерин же айбынын жарыяланышын күтүдө. Төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө 2099 мектеп, 16 университет, 54 оорукана, 3миң 520 ишкана, 149 массалык маалымат каражаттары жабылган.

Камалгандардын арасында укук коргоо органдарында иштегендер, саясатчылар сыяктуу таасирдүү адамдар бар. Административдик юрисдикция жана Кылмыш сотунда иштеген сот жана прокурорлордон 2 миң 431 адам, Жогорку соттун мүчөлөрүнөн 104, Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнөн 41, Конституциялык соттун мүчөлөрүнөн 2, Сот жана прокурорлордун жогорку кеңешинен 3 адам бар. 167 генералдан турган 6 миң 982 аскер кызматкери, полицияда кызмат өтөгөн 8 миң 816 адам, 23 губернатор72 вице-губернатор, администрация башчыларынан 112, жарандык жана кызматкерлерди кошкондо 31 миң 550 адамга жетти.

Азыр Түркия чалгыны парламенттик комиссияга 2016-жылдын 15-июлундагы окуялар боюнча билдирүү жөнөткөн. Бирок бардыгы жашыруун бойдон. Мындай адамзат жана саясаттын фонундагы материалдарды жашыруунун кереги барбы? Бирок түрк жана батыш эксперттеринде көптөгөн суроолор жаралууда. Убакыттын өтүшү менен бул чыныгы төңкөрүш эмес экендиги белгилүү болот.

Түркиянын чалгын кызматынын маалыматына караганда Индонезияда “Кызмат” кыймылына тиешелүү мекемелердин биринде иштеген мугалимди коркутушкан. Соода борборунун унаа токтотуучу жайынан уурдап кийин Түркияга жиберүүнү каалашкан. Сауд Аравия да Түркия бийлиги менен кызматташып, 16 үй-бүлөнү беришкен. Буга окшогон көрүнүштөр Румыния, Украинада болгон.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнө Түркияга кайтканда кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн болгон адамдарды өлкөдөн чыгарардан мурдагы бардык процедураларды натыйжалуу карап чыгуу жагы билдирилген. Дагы эмне болот?

Ариф Асалыоглу, 30-май, 2017-жыл

REGNUM маалымат агенттигине жарыяланган макаладан которулду


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!