Жүргүнчү аял кошумча трапты ачып жиберген

14-Июнь 2017, Шаршемби

“Пекин эл аралык аэропортунан “Xiamen Air” компаниясынын учагы учууга даярданып жаткан маалда жеке кызыгуучулугунан улам кытайлык аял кошумча авариялык кошумча эшикти ачып жиберген. Андан улам рейсти токтотууга туура келген”,- деп жазат Кытай маалымат агенттиги. Окуя 12-июнда болуп өткөн.

“Xiamen Air”дын өкүлү журналисттерге билдирген маалыматында, 12-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30 чамасында “MF8118” рейси учууга даярданып жаткан. Жүргүнчүлөр орун алып отура башташканда, учактын кызматкери 48 орундагы адамдарга түшүндүрү иштерин жүргүзүп баштаган. Ал “штаттык абалда шашылыш чыгуу туткасын тийбөө керек” экендигин айтып жаткан. Ошол маалда жүргүнчү аял 49 орундукта отурган шашылыш чыгуу туткасын тартып жиберген. Полиция аялды 12 күнгө кармаган, ал эми рейсти токтотууга туура келген.

Белгилүү болгондой жүргүнчү аял шашылыш чыгуу туткасын өзгөчө кырдаалда гана ачуу керектигин укканда аны ачып көрүүгө кызыкканын айткан.

Бул учурда учактын бортунда 113 адам болгон жана алардын баарын башка рейске отургузууга аргасыз болушкан. Трап эч кандай кыйроого келбесе деле эң аз дегенде оңдоо-иштерине 100 миң юань керектелет. Эксперттер белгилегендей эми жүргүнчү аял келтирилген чыгымды төлөйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!