Дүйнөдөгү алгачкы “Токойлуу шаар” салынат

28-Июнь 2017, Шаршемби

2020-жылы Кытайда дүйнөдөгү алгачкы “Токойлуу шаар” салуу пландалууда. Башка мегаполистерден анын артыкчылыгы, айлана-чөйрөнү булгабайт, тескерисинче тазалайт.

Энергиянын жаңы булактарына гана негизделген футуристтик шаарда 30 миң адам отурукташып, 40 миң дарактар отургузулат.

Токойлуу шаар долбоору италиялык архитектор Стефано Боери даярдоодо. Шаар Гуанси-Чжуан автономиялык аймагында пайда болот жана жогорку ылдамдыктагы темир жол куурулган Лючжоу шаары менен бириктирилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!