СССРдин мыйзамдуу миллионери көз жумду

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Белгилүү ишкер, 1980-жылдагы кооперативдик кыймылдын активдүү катышуучусу, СССРдин мыйзамдуу миллионери делген Артем Тарасов 67 жашында көз жумганын “Би-би-си” кызматы кабарлады.

СССР учурунда ал 1987-жылы биринчи кооперативди түзгөн. Андан эки жыл өткөндө телекөрсөтүү аркылуу өлкөдөгү алгачкы легалдуу миллионер болгонун жарыялаган. 1990-жылы РСФСРдин депутаты болгон.

Союз ураганда Улуу Британияга кеткен. Бирок Россияга кайтып келип Мамлекеттик Думанын биринчи чакырылышында депутат болуп шайланган. 1996-жылы президенттикке талапкерлигин койгону менен каттабагандыктан шайлоого катыша алган эмес.

Акыркы жылдары ал Инновациялар институтун башкарып жүргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!