Акыркы маалыматтарга караганда Кытайдын Сычуань провинциясындагы жер титирөөдөн 12 адам көз жумган. Жарат алгандардын саны 175ге жетсе, алардын жыйырма сегизи оор абалда.
Өлкөнүн 1,3 миңден ашуун куралдуу полициясы, медицина кызматкерлери жана куткаруучулардан турган топ издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.