Улутчулдарга каршы митинг өтүүдө

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

АКШнын борборунда Ак үйдүн алдында жүздөгөн адамдар тынчык акциясына чогулган. Көбүндө АКШнын президентин Шарлотсвилледеги улутчулдардын аракетине чечкиндүү чара көрүүгө, зомбулукту токтотууга чакырган плакаттар бар. Маалыматтарга караганда митингден кийин борбордун көчөлөрүндө жүрүш уланат.

1816-1865-жылдардагы жарандык согуш учурунда конфедераторлордун лидери болгон генерал Роберт Линин эстелигин демонтаж кылуу боюнча шаар бийлигинин планына байланыштуу 12-августа жүздөгөн ультр-оңчулдар көчөгө чыккан. Аларга каршы чыккан топтун ортосунда жаңжалда бир адам көз жумса, жыйырмага жакыны жаракат алган. Шаар жетекчилиги чукул кырдаал жарыялап, митинг өткөрүүгө тыюу салган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!