Ыйык Валентин күнү башка өлкөлөрдө кандай майрамдалат?

16-02-2017

Ыйык Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын III кылымында негизделген деп айтылат. Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп баардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль "Сүйүү күнү" деп белгиленип калган.

Италияда эң алгач пайда болгон бул 14- февраль Ыйык Валентин күнү “таттуу” күн катары белгиленет. Майрамдын аты аталып тургандай бул күндүн башкы белеги болуп жүрөкчө түрүндөгү таттуу конфет, печенье жана шоколаддар болот.


Салтка айланган сүйүктүүсүнө таттуу нерсе белек кылуу адаты Америкадада бар. Мурун сүйүшкөн америкалыктар бири-бирине марцепан белек кылышчу. Бул баалуу белек катары эсептелген, себеби марцепандын курамында шекер болгон, ошол убакта ал өтө баалуу эсептелген. 1800-жылдары кант кызылчасы кеңири түрдө өндүрүлүп, америкалыктар карамель чыгарууну өздөштүрүшкөн. Бул күнү алар кызыл ак конфеттердин бетине сүйүү сөздөрүн жазып калтырышкан. 50-жылдары картон кагаздарынан жүрөкчө формасында жасашып, ага таттууларды салып белек кылышкан. Салтка айлангандай бул күнү сүйгөн адамын гана куттуктабастан жакшы көргөн адамдарын да, ата-энесин, чоң ата, чоң энесин, досторун да куттукташкан.

Ал эми англичандар жакшы көргөн адамдарын гана эмес жаныбарларын да куттукташкан. 14-февраль күнү белгилүү белектердин катарын бул жакта да таттуулар жүрөкчө формасындагы, жумшак оюнчуктар, эң эле белгилүүсү бул “Teddy” аюлары жана каттар (открытка) толуктап турат.

Сүйүү каттарында жазылган төрт сап ырлар эң алгач француздар тарабынан ойлонуп табылган. Андан сырткары таттуу шоколад мусстары, конфеттери, романтикалык саякаттар, “бактылуу” лотереялык билеттер, жүрөк формасында кесилген колбасалар, ачык кызыл (розовый) йогурттар, гүлдөр белекке берилет. Ошону менен бирге бул күнү кызыл (көк, ак, ачык көк) түстөрдөгү “фиансай” кутусу же башкача айтканда “сөз байлашкан” маанини билдирген белек да берип келишет.

Голландияда 14-февраль күнү аял киши эркекке барып турмуш куруу ниетин билдирүүсү эч кандай деле таң калычтуу болуп саналбайт. Эгер бул кадам эркек адам тарабынан маани берилбей калса анда ал адам жибек кездемеден тигилген көйнөк белекке бериш керек болот.


Ал эми Японияда Ыйык Валентин күнү – бул 8-март сыяктуу майрамдалат, бирок эркектер үчүн. Бул күнү куттуктоолорду жана белектерди эркектер гана алышат. Аларга түрдүү эркектерге арналган аксессуарлар (устара, ласьон, капчык) жана шоколаддар белекке берилет. Япондуктар шоколадды эки түргө бөлүп беришет. Биринчиси, “гири” деп аталат, бул милдеттүү түрдө досторго, кесиптештерге, агаларына беришет, “хонмей”- бул түрдөгү шоколад жалгыз гана сүйүктүүсү үчүн берилет. Бир айдан соң Японияда “Ак күн” деп аталган майрам күнү тескерисинче куттуктоо жана белектер аялдарга гана арналат.

Ал эми Тайвань өлкөсүндө бул күнү эркек киши бир роза гүлүн белекке берсе сүйүүсүн арнаганы, ал эми 100 роза белек берилсе колун сураган маанини түшүндүрөт.

Уэльсте “сүйүү кашыгы” деп аталган белек бааланат. Майрам алдында сүйгөн адамдар бактан кашык формасын кесип алат да аны жүрөкчө, ачкычтар менен кооздоп бири-бирине белекке беришет. Бул белек” Сен менин жүрөгүмө жол таптың” деген түшүнүктү берет.


Поляктар 14-февраль күнү Познань чиркөөсүн (метрополия) зыярат кылып,Ыйык Валентиндин иконосына сыйынышат. Бул иш чара сүйүүдө жолу болбогондорго жардам берет деген ишенич бар.

Германияда Ыйык Валентин сүйүшкөндөрдүн эмес, психикалык жактан жабыркаган адамдардын колдоочусу деп сыпатталат. Бул күнү немец калкы психиатриялык дарылоочу жайларды кызыл ленталар менен кооздоп, чиркөөлөрдө сыйынуу иш чараларын өткөрүшөт.

Испания өлкөсүндө сүйүү күнү 1-Май белгиленип, ал күндүн белгиси катары мая багы жана кыздардын эң сулуусу тандалып алынат.

Бразилияда бул күн 12-июнга туура келет.

Кыргызстанда ислам багытындагы диний өкүлдөр бул майрам мусулманчылыкка туура келбеген майрам экенин белгилеп келишсе, христиан дининин өкүлдөрү бул майрамдын алардын динине тиешеси жоктугун айтышат. Бирок, кайдан чыкканы талаш болгон бул майрамдын коммерциялык мааниси чоң.

Ал эми кээ бир өлкөлөрдө бул күн такыр эле майрамдалбайт. Мисалы, Иран, Сауд Аравиясысыяктуу өлкөлөр бул күндү майрамдоого каршы көзөмөл иштери жүргүзүлөт.

Европа жана Америкада бул майрамга карата ири көлөмдөгү иш чаралар жүргүзүлөт. Азыркы күндө көптөгөн өлкөлөрдө белектерди бул күнү сүйүктүүлөрүнө гана бербестен, бутүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнө, кесиптештерине, досторуна беришет. Даярдык иштери январь айынын ортосунан башталат. Кондитердик жайлар бул күнү эң эле ири өлчөмдөгү тапшырыктарды алышат. Шотландия өлкөсүндө гана (5 миллион калкы бар) бул күнгө 25 миллион фунт стерлинг таттууларга, 145 миллион гүлдөргө, 36 миллион каттар жана 175 миллион жана башка белектер үчүн чачылат.

14-февралга арналып атайы коллекциядагы зер буюмдар жана кийимдер чыгарылат. Дүкөн, кафе жана ресторандардын сырттарын бир канча күн мурун даярдап, кооздоп башташат. Ал гана эмес офис жана үйлөрдөн бери кооздогон адистер иштеп башташат. Дизайнерлер кардарлардын каалоосундагы түрдүү жасалгаларды жасап гана койбостон, үйдүн дубалдарына бул күндүн символу болгон купидондун сурөтү бар туш кагаздарын да чаптап беришет. Ал эми капчыгы калыңдар сүйүктүүлөрү үчүн саякатка чыгып кымбат баалуу белектер менен кубантышат. Валентин күнүнүн коммерциялык жактан арышы кеңейип, майда белектер менен гүлдөрдүн сатылышы кирешелүү болчу күн болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!