Эл аралык эмгек уюму жарыялаган дүйнөлүк деңгээлдеги “Иш менен камсыз кылуу” аталышындагы билдирүүдө глобалдык деңгээлде жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 миллионго көбөйгөнү же 201 миллиондон ашканы маалымдалган. Бул чек 5,8 пайыздык деңгээлде экендиги, жакынкы мезгилде төмөндөөлөр байкалбай турганы жазылган.
Билдирүүгө ылайык жалпы жер жүзүндө 3 миллиардга жакын адамдар жеке секторлордон иш табат. Бул глобалдык жумуш менен камсыз кылууда 87 пайызды түзөт.
2003-2016-жылдар аралыгында чакан жана орто ишканалардын убагында иш орундары менен камсыз кылуусу эки эсеге өскөн. Башкача айтканда алардын жалпы үлүшү 31 пайыздан 35 пайызга жетти. Ал эми экономикасы өнүккөн жактарында жумуш менен камсыз кылуудагы үлүшү 52 пайызды түзөт.