Мобилдик капчыктарга тыюу салынабы?

3-Фев. 2018, Ишемби, 12:27

Учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан Улуттук банктын электрондук акчалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору талкууга коюулду. Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Акулуева аталган маселе тууралуу буларга токтолду.

- Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүп жаткан уюлдук операторлордун мобилдик капчыктарына тыюу салуу чечими эмнеден улам келип чыкты?

- Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр долбоору электрондук акчалар менен байланыштуу ишмердүүлүктү тыюуга эмес, электрондук капчыкты толтуруу механизмине тиешелүү. Электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүү тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо ишинде потенциалдуу тобокелдиктерди минимизациялоо максатында «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору иштелип чыккан жана коомдук талкуулоого жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдеринин чегинде электрондук акчалар менен иш алып барып жаткан учурда эч ким ал ишмердүүлүккө бөгөт койбойт. Уюлдук операторлордун электрондук акчаларды жайылтуу ишмердүүлүгүнүн схемаларын кароо учурунда чыгарылган электрондук акчалардын финансылык камсыздоосунда тобокелдиктер орун алышы мүмкүндүгү аныкталган.

- Аталган маселе боюнча Кыргызстанда электрондук капчык кызматын сунуштаган уюлдук операторлор менен сүйлөшүүлөр болдубу?

- Бул өзгөртүүлөр 2017-жылдын август айынан баштап талкууланууда. Коомдук талкуу учурунда, Улуттук банкка берилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбооруна, жарандардан дагы жана бизнес-коомчулугунан дагы көп сандаган cунуш-пикирлер жана кайрылуулар келип түшкөн. Бул маселени талкуулоо боюнча ар кандай деңгээлдеги жолгушуулар өткөрүлгөн. 2017-жылдын 28-августунда тиешелүү кызыкдар жактардын катышуусунда Чекене төлөм боюнча кеңеши өткөрүлгөн, жана өз ара макулдашылган чечим кабыл алуу үчүн жана колдонуучулардын укугун коргоо максатында Жобонун долбоорун коомдук талкуулоо мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган.

Андан сон, 2017-жылдын 9-октябрында Жобонун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү максатында жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдар, банк системасынын, төлөм операторлорунун өкүлдөрү ж.б кирген. Жумушчу топ мамлекеттик жөнгө салуу вариантын иштеп чыгып аны 2018-жылдын 12-январында Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган.

Ал эми 18-январында Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банктардын жана уюлдук байланыш операторлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Анын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында төлөмдөрдүн камсыздалышын, рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлордун эсебинде каражаттардын топтолушу, финансылык туруктуулук, системадагы тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда, көзөмөлдүктү жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда өз ара иш алып баруу маселелери каралган.

-Өлкөдөгү уюлдук операторлордун керектөөчүлөрүнө банктык кызматтарды сунуштоого, электрондук акча менен ишмердүүлүк жүргүзүүгө акысы жокпу?

-КР мыйзамдарына ылайык, банк кызматтарын сунуштоо үчүн атайын лицензия алуу талап кылынат. Эгерде электрондук акча менен ишмердүүлүктү карасак, анда Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамына ылайык, электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаларды кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акчалардын эмитенти болуп саналат. Азыркы күндө 9 коммерциялык банк электрондук акчаларды чыгаруу укугуна ээ. 9 банктын бирөөсү менен 2 уюлдук операторлор банк агенти катары иш жүргүзөт. 1 уюлдук оператор өзүнчө юридикалык жак түзүп, төлөм уюмунун жана төлөм системасынын оператору деген лицензия алып иштеп жатат. Бул жагынан мыйзам бузуу байкалбайт.

Ал эми товар жана кызмат көрсөтүүлөр менен пайдаланган абоненттерге алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары аркылуу электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт.

Тагыраак айтканда, электрондук акчаны таратуу боюнча уюлдук байланыш операторлордун функциясы акча каражаттарын электрондук капчыкта эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтоого шарт түзүүгө ылайыкталган. Чындыгында, уюлдук байланыш абонентинин өздүк эсеби пайдалануучунун акча каражатын чогултуу жана сактоо функцияларына ээ. Ошондой эле акча каражат уюлдук байланыш операторлорунуна келип түшөт жана алардын карамагында жайгашылат.

- Сиздин пикириңизде дүйнө цивилизацияга бет алып, бардык акчалай кызматтар электрондоштуруп жатканда мындай тыюу салуулар мезгилден артка кетүү эмеспи?

- Жок. Мен жогоруда айтпадымбы, бул тыюу эмес деп. Биз үчүн азыр тобокелдиктерди төмөндөтүү зарыл. Дүйнө жүзүндө уюлдук байланыш операторлорунун өз ара аракеттешүү боюнча көп сандагы ар түрдүү моделдер бар. Эгерде Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн төлөм кызматтар рыногунда уюлдук байланыш операторлорунун ишмердүүлүгүн алып карасак, Орусия, Беларусь жана Казакстан уюлдук байланыш операторунун абонентинин өздүк эсебинен төлөмдөрдү жүргүзүү механизмдери ишке ашырылган. Бирок алар кандайдыр бир жол аркылуу банк системасы менен интеграцияланган. Мисалга алсак, Орусияда МТС уюлдук оператору "МТС-Банк" менен иш алып барат, бул банк уюлдук оператор менен биргеликте “АФК” системасына кирет жана биргелешкен продуктуларды сунушташат. Казакстандагы Beeline уюлдук оператору Альфа-Банк Казакстан жана Wooppay төлөм системасынын оператору менен биргеликте Beeline картасын чыгарышкан, бул продукт кредиттик картаны бардык өзгөчөлүктөрүн камтыйт, бирок ал абоненттин өздүк эсебине байланган.

- Бул жобо долбоорунун жыйынтыгы качан чыгат?

- Жобонун долбоору жана жөнгө салуу таасирин талдоо боюнча аналитикалык кат үстүбүздөгү жылдын 12-январында Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Мыйзам брюнча коомдук талкуунун мөөнөтү 1 айды түзөт, ошого жараша, дагы бир ай аралыгында бардык тобокелдиктерди эске алуу менен жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат. Болжол менен март айынын орто ченинде даяр болот деп ойлойм.

- Бул кызматты пайдалануучулар бул долбоор боюнча ой-пикирин билдире алышабы?

- Албетте, аталган долбоор боюнча сунуштарды жана пикирлерди 2018-жылдын 12-февралына чейин электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!