​Курулуш тармагы жанданат

16-Март 2017, Бейшемби

2017-жылы курулуштун ички дүң өндүрүмүнүн реалдуу өсүүсү 10,4 пайыз түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы курулуштун жалпы көлөмү 147,6 млрд. сомду түзөт. Курулуш тармагынын экономканын өсүшүнө болгон таасири 0,9 пайыз болуп, ички дүң өндүрүмдөгү салыштырмалуу салмагы 9 пайызга жетет. Бул жылы баардык аймактарда курулуштун өсүүсү күтүлөт. Негизги үлүш Бишкек шаарында 33 пайыз, Чүй областында 24,9 пайыз болот.

Экономиканын курулуш тармагындагы алга жылуунун болуусу бир нече факторго байланыштуу. Россиядан акча которуулардын агымынын жогорулоосу жана Кытай менен Турциядан келген курулуш материалдарынын импортунун көбөйшүнө байланыштуу болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!