Тажикстандык балдар Жакшылыкка кат жазып, белек беришти

01-02-2017

Тажикстандагы активист жаштардын өкүлү Парвин Эргашев Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылып, учак кырсыгында ата-энесинин камкордугусуз калган жети жаштагы Жакшылыкка китеп, оюнчук жана балдар жазган каттарды берип жиберүүнү өтүнгөн.





Кечээ, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Жакшылыктын чоң атасы, таежеси жана Жакшылык менен жолугушуп, тажикстандык өспүрүмдөр берип жиберген аманатты тапшырды.



Активист Парвин Эргашев “Биз тажикстандыкпыз” деген интернет-коомчулуктун бүгүнкү күндө мүчөлөрү 14 миңден ашканын, айрым мүчөлөр Тажикстандан башка өлкөлөрдө экенин билдирген. Ал Кыргызстанда болгон авиакырсыкты Тажикстандын эли кайгыруу менен кабыл алганын, каза болгондордун жакындарына көңүл айтаарын белгилеген.






Такжикстандын ар кайсы аймактарында жашаган жаштар Жакшылык үчүн 250 доллар акча каражатын, 3 китеп, оюнчук, балдардын кол эмгегинен жасалган открыткаларды топтоп беришкен.






Өспүрүмдөрдүн Жакшылыкка жазган катында “Капаланба. Кудай сени сүйөт. Биз сени мененбиз. Келечекте сенин көп досторуң болот. Сени менен достошкубуз келет. Көрүшкөнчө”,-деп жазылган.
Ошондой эле кат ээлери Жакшылык менен чын ниеттен достошууну каалаганын, өздөрүнүн телефон номерин, электрондук дарегин да жазып жиберишкен.





Белгилей кетсек, 16-январдагы учак кырсыгында жети жаштагы эки бала: Шералиев Жакшылык жана Абакиров Султан бүт үй-бүлө мүчөсүн жоготкон.

Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!