Дача айылында 39 адамдын өмүрүн жалмап кеткен каргаша болгондон бери эки апта өттү. Үй-жайынан айрылган тургундар убактылуу Бишкектеги «Семетей» мейманканасында жашап жатышат. Айылдыктар каргашалуу окуяны бир көргөн түш сыяктуу элестетип, дале болсо айылдаштарынан ажыраганына ишене албай турушат. Буга чейин далай ирет учкан учактын үнүн этибар албаган тургундар эми болсо учак учкан сайын коркуп жаткандыктарын айтышты. Айылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тыптыйпыл болгон үйлөрдүн, сарайлардын ордун тазалоо менен алек.
Дача айылындагы кырсыктан кийинки жашоо-тиричилик кандай өтүп жактаны тууралуу фото баянды сунуштайбыз.
Жумушсуздуктун айынан шаарды көздөй агылгандардын бир тобу Дача айылын байырлап, бирин-серин мал күтүп, айтор турмуш-тиричилигин эми гана тыңдап жатышкан.
Көчөдө жаш балдар чана тээп ойногону болбосо, айылда жымжырттыктын шоокуму өкүм сүрүп турат...
Урап түшкөн ушул үйдү Бегмат Жумабаев бала-чакасы менен батирге алып алты айдан бери жашап жүргөн. Бактыга жараша кырсык болгон күнү уктоочу бөлмөсү гана урабай, аман калышкан. Учурда үй-бүлөсү "Семетей" мейманканасында жашап жатат. Бегмат урандынын алдында калган документтерин, буюмдарын алуу үчүн куткаруучуларды күтүп турган кези...
Жакшы тилек менен кышкыга камдалган салаттар...
Жер менен жексен болгон үйдө Жакшылык ата-эне, бир туугандары менен жашаган. Айыл тургуну Тилек куткаруучулар келгенге чейин бул үйдөгү төрт адамдын сөөгүн алып чыгууга катышкан
Айылдын 9-көчөсүндө аккан керосиндин жыты дагы деле кете элек экен. Жергиликтүүлөр "көчөдөгү муздун үстүнө кум-шагыл төгүлгөндүктөн муз ээриген сайын жыт кайрадан буруксуп жатат" дешти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскерлери ураган үйлөрдөгү таштандыларды тазалоодо
Ата-эне, бир туугандарын жоготкон жети жаштагы Султандын үйү. Ал каргашадан аз убакыт мурда мектепке кеткен…
Дача айылында жайгашкан үйлөрдүн бир катарын сүрүп кеткен учак адегенде бул үйдүн чатырын гана шыпырып кеткен
Экинчи катардагы үйлөрдүн дээрлик баарынан мындай жарака кеткен
Буга чейин учактын үнүн этибар албаган айыл эли эми учак учкан сайын коркуп жатышканын айтышты
Мобилдик клиникага окуя болгондон бери 400 чамалуу жаран кайрылган. Алардын басымдуу бөлүгүн кан басымы көтөрүлгөндөр, катуу чочугандар түзөт.
Коркунуч менен күн кечирип жаткан тургундар чогулган жерде айылдаштарын эскерип, алардын ордун жоктоп, башка аймакка көчүп кетсек дегенде ак эткенден так этип турушат.
Назгүл Бостонбаева