Ооганстан: биздин азап жана эстелик (фото)

16-02-2017

Михаил Фрунзенин үй-музейинде советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына карата даректүү сүрөт көргөзмөсү ачылды.


Көргөзмө “Ооганстан: биздин азап жана эстелик” деп аталып, анда Ооган согушунун жүрүшү, андагы советтик аскерлердин жасаган эрдиктери чагылдырылган. Фотолор Кыргызстандан согушка катышып келген аскерлер тарабынан чогултулган.


Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миң жоокер жөнөтүлүп, анын 252си кайтпай калган. 1500 жоокер жарадар болуп, төрт жоокердин дайыны азырга чейин чыга элек.


Көргөзмөгө ооган согушунун ардагерлери, мектеп окуучулар катышты. Уюштуруучулар азыркы муундун өкүлдөрү Ооган согушу, андагы советтик жоокерлердин эрдиги тууралуу маалыматы аз экенин белгилеп, келечек муунга тарбия берип, мекендин кадырын билүүгө чакырууну көздөгөн.




Ооган согушунун ардагери жаштыгын сүрөттөрдөн издөөдө




Аскердик шаарча




Жарадар жоокерди ооруканага жөнөтүүдө




Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев да советтик жоокерлердин катарын толуктайт




Жоокердин ата-энесине жазган каты




Сүрөт көргөзмөгө келген катышуучулар




Куралсыздандырылган душмандар




Окуучулар ооган согушунун ардагерлери менен бирге сүрөткө түшүүдө




Палаталык шаарча




Олжо катары алынган куралдар




Достук көпүрөсү артта калды




Советтик жоокерлердин мекенине кайтуусу




Кыргызстандык жоокерлердин ичинен биринчи болуп кызыл жылдыз орденин алган ардагер Абдыгул Чотбаев


Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!