“Google” браузери жабылдыбы?

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 10:40

Россияда “Telegram” тиркемесинин кесепети үчүн издөө системасы болуп саналган “Google” браузерин жаап ташташты. Бул тууралуу Роскомнадзор өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчаларынан билдирди.

«Google азыркы күндө Роскомнадзор компаниясынын талаптарына шай келген жок жана соттун чечимине каршы “Telegram Messenger Limited Liability Partnership” үчүн Россия аймагында өзүнүн “IP”-даректерин пайдаланууга берүүдө”,- деп кабарланат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Роскомнадзор “Telegram” иштөөсүнө уруксат берген “Google”дын бир нече “IP” даректери Россия аймагында жабылды", - деп белгиленген Россия өкмөтүнүн маалыматында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!