Мейманкананы аппаратка берүү сунушталды

28-Март 2018, Шаршемби, 15:10

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков «Ысык-Көл» мейманканасын президенттик аппаратка берүүнү сунуштады.

«Президенттин ант берүү аземинде Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти жана мурунку президенти Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алды деп айтышты»,- дейт Момбеков.

Ошондой эле депутат Момбеков Президенттин өзүнчө отурган имараты жок экенин эске салып, Бишкек шаарындагы «Ысык-Көл» майманканасы ыңгайлуу жерде жайгашкандыктан аны менчикке сатпай эле, Президент менен анын аппаратынын же Иш башкармалыгынын карамагына берүү сунушун берди.

«Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт да. Президент Жогорку Кеңештин имаратында отурат, эмне ал ижарачыбы?»,- деп суроо салды ал.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев мындай маселени президенттин иш башкармалыгы чечиши керектигин билдирди.

Айта кетсек, бүгүн парламент «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда карады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!