Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар

17-Март 2017, Жума

Бишкек шаарынын мэриясы Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чараларды даярдады. Бул тууралуу мэриянын сайтында жарыяланды.

21-мартта саат 10:00дө Курманжан Датканын эстелигинин алдында Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан шаардык мэрия, дипломатиялык корпустар менен биргеликте, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосунда Кыргызстанда жашаган ар улуттун улуттук тамак-аштарынын, кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Көргөзмөнүн соңунда бардык каалоочулар улуттук тамактан даам татып, сүрөткө түшүп, ошондой эле концерт көрө алышат.

Салттагыдай, 21-мартта саат 11:00дөн 14:00гө чейин “Ала-Тоо” аянтында Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрсөтүү жана майрамдык концерт тартууланат.

Саат 13:30дан 17:00гө чейин Эски аянтта майрамдык концерт жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, калаанын бардык райондорунда элдик жүрүштөр, эс алуулар жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!