​Депутаттар Аксы курмандыктарын эскерди

17-Март 2017, Жума

Депутаттар Аксы курмандыктарын эскерди

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеӊешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы кайгылуу окуянын 15 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы апрель окуясында каза болгондорго арналган эскерүү монументине гүлчамбар коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!