ТИМ дипломатиялык жарманке уюштурат

17-Март 2017, Жума

21-март – Нооруз күнү Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ага Кыргызстанда каттоодон өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрдун башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы аллеяда болуп, улуттук тамак-аштардын, кол эмгегине таандык этно стилдеги сувернир, буюм-тайымдар, эко-азыктардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Майрам концерттик программа менен коштолот.

Жарманкеден түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!