Быйыл күн менен түн 20-мартта теңелет

17-Март 2017, Жума

Эски жыл же мүчөл сүрүү эсеби боюнча 20-21-март күндөрү күн менен түн теңелип, жаңы жыл, жаңы күн башталат.

Мүчөл сүрүү эсеби боюнча быйыл, 2017-жыл тоок жылы болот.

Быйыл күн менен түн 20-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:28де теңелет.

Ушул убакыттан баштап күн узарып, түн кыскара баштайт. Күндүн эң узагы 20-21-июнь болуп, узактыгы 15 саат 20 мүнөт болот. Эң кыска күн 21-декабрь болуп, күндүн узактыгы 9 саат 1 мүнөттү түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!