​Бокоев: “Айылда жумуш бар, жаштар барбай жатат”

17-Март 2017, Жума

Айылдан келген жаштар өз жерине барып мамлекеттик мекемелердеги кызматтарда иштебей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүн, 17-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаштардын айыл өкмөттөрүндө иштебей жатышына маянанын аздыгы, жашоо шарттын начардыгы себеп болууда.

“Жаштардын айылга барбай жатышы бир нече критерийге байланыштуу. Алар айылда жашап жүрүп эле шаарда калгысы келет. Анткени айылда жашоо шарт эң начар, көчөлөр каралбай калган. Таза суу, канализация, жылуулук жок. Маданият жаатында эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөйт, айылдык бюджет жок. Экинчиси айыл өкмөтүнө барыш үчүн ал жерге көчүп барыш керек. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн кызматкерлери 6 миң сом айлык алышат. Биз 5-чакырылышта депутат болуп келгенде 2100 алышчу. Айлык акынын аздыгынан дагы жаштар ал жерге иштегилери келбей жатат. Андыктан айлык-акынын көтөрүп, жашоо шартты оңдоо керек”,-деди Бокоев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!